Кыргызстанда Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

0
10934

Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечим Кыргызстандын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Документ мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну жөнгө салууга багытталган. Ошондой эле бул маалыматтардын негизинде жаңы санариптик кызматтарды түзүү үчүн бирдиктүү улуттук санарип экотутумдун укуктук негиздери түзүлөт.

Токтомго ылайык, Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси санариптик өз ара аракеттенүүдө күбөлөндүрүүчү борбор болуп аныкталды. Ал катышуучулардын санарип ресурстарын Түндүк системасына кошуу үчүн коопсуздук серверлеринин аутентификациялык сертификаттарын жана санарип кол тамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын берет.

Жобо төмөнкү маселелерди да камтыйт:

  • Улуттук санарип экосистеманын катышуучулары жана алардын укук-милдеттери;
  • Экосистеманын объектилери жана аларды санариптик реестрге киргизүү тартиби;
  • Реестрди жүргүзүү механизми;
  • Маалымат булактары жана Түндүк системасы аркылуу өз ара аракеттенүү эрежелери;
  • Мамлекеттик кызмат көрсөтүү “Фабрикасынын” иштөө архитектурасы;
  • Катышуучулар арасындагы талаштарды жана жарандардын даттанууларын кароо тартиби.

Бул чечим мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү күчөтүп, маалымат алмашууну тездетүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз