Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды.
Аталган мыйзамга 60тан ашуун депутат макул болуп, алты депутат каршы чыкты. Жыйын жүрүшүндө айрым депутаттар бул мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алууда Кыйноолорду алдын алуу боюнча борборду жоюу нормасы каралбаганын, парламенттин жалпы жыйынына келгенде бул эреже кирип калганына нааразы болушту.
Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор менен Акыйкатчы институту эки башка милдеттерди аткарарын билдирди. Ал эми мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев мындай чечим депутаттардын сунушу, өкмөттүн макулдугу менен кабыл алынганын түшүндүрдү.
Эске салсак, Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон.