Башкы беткеЖогорку КеңешАйжигитовго ЖКда сүйлөөгө уруксат берилген жок

Айжигитовго ЖКда сүйлөөгө уруксат берилген жок

12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов парламенттин борбордук трибунасынан “Ыйман Нуру” фракциясынан чыгарылышы тууралуу 10 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Ага 20 эл өкүлү “макул”, 14 депутат “каршы” добуш берип жыйынтыгында ага убакыт берилген жок.

Султанбай Айжигитов бул Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламентине, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамдарга каршы келерин айтып, сунушту дагы бир жолу добушка коюуну суранды. Парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи ирет колго салган жок.

“Эми мага сөз да бербейсиңерби? Мыйзам деген барбы? Бул парламентпи же нотариалдык органбы? Уялбайсыңарбы! Мен фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп атам. Андан башка эч нерсени айтпайм. Чек араны да, башкасын да айтпайм. Эми сөз сүйлөгөнгө да уруксат бербейсиңерби?”, — деди Султанбай Айжигитов.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар