Башкы беткеЖогорку КеңешНарматова: "Билим берүү министри билген намазын окуп жатат”

Нарматова: «Билим берүү министри билген намазын окуп жатат”

Депутат Надира Нарматова 12 жылдык билим берүүгө мектептерде шарт жок, программа, мугалим, китеп жана коомчулук дагы даяр эместигин айтып, Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды.

“Этап-этабы менен өтөбүз дегендиктен, азыркы лицей, гимназиялар иштей берсе болмок. Акылбек Жапаров кызматтан кетип жатканда №519 буйрук чыгарып кетиптир. Билим берүү министри ошону аткарам деп тескеме чыгарып, президенттик аппаратка кызматтык кат жөнөтүп, мектептер ызы-чууга түшүп калды. Лицей, гимназияларды 1-апрелге чейин лицензиясы бүткөн-бүтпөгөнүнө карабастан толук жойгула деген буйрук барган экен, азыр мектептер кайрадан Юстиция министрлигинен өтүп жатышат. Министрге айтсаң эле жаман көрөт экен. Батыштын тапшырмасын алып талкалаганы келгенби, билген намазын окуп жатат. Көзөмөлгө албасаңар бул аял билим берүү системасын талкалап туруп кетип кала турган максаты бар окшойт”
, — деди депутат.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар