Кыргыз Республикасы – уникалдуу экосистемалардын өлкөсү. Бирок Борбордук Азияда абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе жогору экени жакшы белгилүү. Кыргызстанда кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөр кайтарылгыс эрип, тоо дарыялары соолуп, тоо флорасы менен фаунасынын сейрек кездешүүчү түрлөрү жоголуп баратат. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, биз да уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо чакырыгына туш болуп жатабыз.
Тоону туруктуу өнүктүрүү жаатындагы глобалдык күн тартибин акырындык менен алдыга жылдырууга жетишүү менен Кыргызстан 2000-жылдардын башынан бери тоо көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келет.
Кыргызстандын демилгеси жана тоолуу өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен учурда “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттер планы” ишке ашырылууда. Биз аны ишке ашырууга системалуу мамиле кылдык. Биринчиден, улуттук деңгээлде Кыргыз Республикасынын өкмөтү Жол картасын иштеп чыкты жана ал ишке ашырылып жатат. Экинчиден, эл аралык деңгээлде биз Глобалдык иш-аракеттер планын иштеп чыгуу демилгесин көтөрдүк, аны биз 2023-2024-жылдары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында сунуштаганбыз. Биз эл аралык коомчулукту 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык күн тартибинин бөлүгү катары, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн маанилүү механизми катары аларды ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырабыз.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Баку шаарында өткөн COP29 Дүйнөлүк лидерлер саммитине катышуусу быйылкы жылдын тоо маселесин глобалдык күн тартибинде актуалдаштыруу боюнча негизги иш-чара болду. COP29да Кыргызстан биринчи жолу өзүнүн улуттук павильонун уюштуруп, анда тематикалык күндөрдөгү кошумча иш-чаралардын кеңири программасы өттү. 2024-жылдын 13-ноябрында COP29 алкагында Мамлекет башчысынын, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух мырзанын жана Непалдын президенти Паудел Рам Чандра мырзанын, азербайжан тараптын жана башкалардын катышуусунда Тоолор жана климат темасында Жогорку деңгээлдеги диалог өткөрдүк. Биз Бишкектин атынан Жогорку деңгээлдеги диалогдун Жыйынтык документи катары Бакуда өткөн COP29 алкагындагы “Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларацияны” демилгелеп, аны алга сүрөп жатабыз.
Кыргызстан тарабынан тоо күн тартибин жайылтуу максатында “Тоо беш жылдыгын” ишке ашыруунун алкагында республикада жана чет өлкөлөрдө төмөнкү маанилүү тоо иш-чараларын өткөрүүнү пландаштырып жатабыз: «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу» Эл аралык конференциясы (2025-жылдын 24-25-апрели, Бишкек ш., КР), Бүткүл дүйнөлүк тоо жаштарынын фестивалы (алдын ала 2025-жылдын августу, Ысык-Көл, КР), БУУнун алкагындагы тоолор боюнча Пре-саммит – конференция (2026, Нью-Йорк ш., АКШ). Бул тоо иш-чаралары Экинчи Глобалдык Тоо саммитине этап-этабы менен даярдык процесси. Алардын мааниси зор, анткени эксперттерден мамлекет башчыларына чейинки деңгээлге көтөрүлөт. Ошондуктан “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүү “Тоо беш жылдыгынын” жыйынтыктоочу этабы болуп деп эсептелет.
Саммитти өткөрүү тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу 78- жана 79-сессияларынын жалпы дебаттарында, Бакудагы COP29да жана башка иш-чараларда жарыялаган.
Учурда Глобалдык Тоо Саммитти даярдоо боюнча Уюштуруу комитети түзүлүп, анын ишине Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги активдүү катышууда. Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Динара Кемелованын жетекчилиги астында Саммиттин Концепциясынын долбоору даярдалууда.
Саммитти өткөрүү Кыргызстандын тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү жетишкен ийгиликтеринин натыйжасы болмокчу. 2027-жылга чейин өлкөдө канча жол салынды, канча тоолуу айылда инфраструктура жакшырды, кайсы жерде таза суу, интернет орнотулду, канча мектеп, оорукана жана башка социалдык объектилер курулду деген так сандарды күтүп жатабыз. Ошентип, Кыргызстан акыркы беш жылда тоолуу аймактарда сезилерлик натыйжаларга жетишкен башка тоолуу өлкөлөр үчүн үлгү мамлекет боло алмак…
Мэлис МАМАДАЛИЕВ,
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору