Япониянын премьер-министри Такаити Санаэ жана Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён шейшемби күнү Такаити туулуп-өскөн Нара шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатияны улантуу жана экономикалык коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тиешелүү ведомстволор ортосундагы сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү боюнча макулдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Токио менен Сеул Түндүк Кореяны толук багыта тыгыз кызматташарын, ошондой эле АКШ менен үч тараптуу кызматташууну күчөтөрүн тастыкташты.
Мындан тышкары, тараптар Ямагути префектурасындагы Чосэй көмүр шахтасында табылган сөөктөрдү ДНК аркылуу идентификациялоо боюнча кызматташуунун илгерилешин кубатташты. Белгилей кетсек, 1942-жылы бул шахтада болгон кырсыктан 183 адам каза тапкан, алардын арасында Корей жарым аралынан чыккан жарандар да болгон.
Саммиттен кийинки биргелешкен маалымат жыйынында Такаити Санаэ премьер-министрлик кызматка киришкенден бери алгач ирет чет өлкөлүк лидерди өзүнүн туулуп-өскөн шаарына чакырганын, бул Түштүк Кореянын президентине болгон ишенимдин жана достук мамиленин белгиси экенин билдирди.
Ал ошондой эле Япония менен Түштүк Кореянын ортосунда, анын ичинде коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты жана АКШ менен үч тараптуу стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн кайрадан аңдап чыгышканын белгиледи.


