Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКүйүүчү май кымбаттап, дүйнөдө аба каттамдар кыскарууда

Күйүүчү май кымбаттап, дүйнөдө аба каттамдар кыскарууда

Күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө байланыштуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аба каттамдары токтотулуп же кыскартылууда. Бул тууралуу Kazinform агенттиги DW басылмасына шилтеме берип жазды.

Нидерланддын KLM авиакомпаниясы май айында Амстердамдагы Схипхол аэропортунан аткарылуучу 80 каттамын жокко чыгарды. Германиянын Lufthansa жана АКШнын United Airlines компаниялары да кирешелүүлүктү сактоо максатында айрым маршруттарын кыскартышты.

Cirium аналитикалык компаниясынын маалыматына ылайык, 2026-жылы күтүлгөн 4–6 пайыз өсүштүн ордуна, май айында дүйнөлүк авиакаттамдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгү болжол менен 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн.

Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын маалыматы боюнча, Европада авиакеросиндин кору болгону алты жумага жетет.

Адистер керосин тартыштыгынын негизги себептери катары АКШ менен Израилдин Иранга байланыштуу жаңжалы жана дүйнөлүк мунай соодасынын 20 пайызы өткөн Ормуз кысыгынын тосулуп калышын аташууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар