Египетте мумиянын ичинен «Илиада» поэмасынын үзүндүсү табылды

Оксиринх аймагында жүргүзүлгөн испан-египеттик археологиялык казуулар учурунда уникалдуу табылга жасалды. Окумуштуулар мумиянын ичинен Илиада поэмасынан үзүндү камтылган папирус тапты. Изилдөөлөр Барселона университети жана Жакынкы Чыгышты изилдөө институту тарабынан жүргүзүлүп, казуу иштери Каирден болжол менен 190 чакырым түштүктө жайгашкан байыркы Аль-Банаса аймагында өттү.

Табылга №65 деп аталган мүрзөдөн (гипогейден) чыккан. Археологдор бир нече мумияларды, көп түстүү жыгач табыттарды, ошондой эле алтын жана жезден жасалган буюмдарды аныкташкан. Айрым мумиялардын таңгычтары геометриялык оймо-чиймелер менен кооздолуп, жакшы сакталган.

Эң өзгөчө табылга — мумиянын ичинен табылган папирус. Анда Гомерге таандык «Илиада» эпосунун экинчи бөлүмүнөн (“Кемелер каталогу”) үзүндү сакталган. Бул бөлүмдө Трояга жөнөгөн грек аскерлеринин тизмеси баяндалат.

Египеттин туризм жана байыркы эстеликтер министри Шериф Фатхи бул табылга өлкөнүн археологиялык мурасын дагы да байыта турганын белгиледи. Ал эми Жогорку байыркы эстеликтер кеңешинин өкүлдөрү бул ачылыш грек-рим доорундагы жергиликтүү көмүү салттары тууралуу жаңы маалымат берерин айтышты. Адистердин баамында, бул табылга байыркы Египет менен эллинисттик жана рим маданияттарынын айкалышын дагы бир жолу тастыктайт жана Оксиринх аймагынын тарыхый маанисин бекемдейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз