Казакстандын Актөбө облусунда Пермь–Ташкент багыты боюнча жүргөн жүргүнчү автобусу кырсыкка учурап, беш адам, анын ичинде эки өзбекстандык жаран мерт болду. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 7-декабрда таңга маал Айтекебий районунда болгон. Автобуста жалпы 49 жүргүнчү жүргөн.
Жол кырсыгынан жаракат алган 11 адам ооруканага жеткирилди. Өзбекстандын куткаруу кызматы атайын жумушчу топ түзүп, каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө бардык зарыл жардамды көрсөтүү иштерин баштады.
Кырсыктын себептери азырынча так аныктала элек. Актөбө облусунун полициясы сотко чейинки териштирүүнү баштаганын билдирди.
Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда жыл сайын жол кырсыктарынан 10 миңдей адам көз жумат. Негизги себептер катары айдоочулардын жол эрежелерин сактабоосу жана жолдордун абалы көрсөтүлөт.


