whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
30.04.2025
19.5 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКаныбек ТУМАНБАЕВ: “Бардык мамлекеттик мекемелер санарипке өтөт”

Каныбек ТУМАНБАЕВ: “Бардык мамлекеттик мекемелер санарипке өтөт”

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев журналисттердин коштоосунда мамлекеттин балансына алынган “ЭлКат” байланыш операторунун кеңсесине барды.

Ал байланыш операторунун ишмер­дүүлүгү менен таанышкан соң, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Бир убакта “ЭлКаттын” 51 пайызы мамлекеттики болгон. Бирок, кандайдыр бир себептер менен жеке менчикке өтүп кеткен. Күч органдарынын иликтеп чыгуусунун натыйжасында толугу менен мамлекетке кайтарылды. Бүткүл дүйнөлүк  банктан алган 1,2 млн. долларга жакын карызы бар экен. Анын баары мамлекет тарабынан толук төлөнүп бүттү. 2025-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 4-5 эсе көбүрөөк киреше алып келет деп пландап жатабыз”, –  деди К.Туманбаев.

“ЭлКат” байланыш операторунун бүгүнкү күндө уставдык капиталы 416 млн. сомдун айланасын түзөт. Бул жылы анын 8 млрд. сомго чейин чыгышы күтүлүүдө.

Мекеменин адистери “ЭлКат” Тажикстан, ªзбекстан, Афганистанга интернет байланышын тарата турганын айтышты.

Ушул жылдын февраль айында “ЭлКат” байланыш операторуна Нурадил Баясов дайындалган.

Каныбек Туманбаев андан кийин “Кызмат” мамлекеттик мекемесине барып, андагы жүрүп жаткан иштер менен журналисттерди тааныштырды. Ал “Түндүк” тиркемесинде жакынкы айларда чоң өзгөрүүлөр боло турганын, бардык мамлекеттик иш кагаздары санарипке өтө турганын айтты.

“Биз программисттерибизге бүт шарттарды түзүп бердик. Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте паспортту онлайн алууга жетиштик. Президенттин тапшырмасына ылайык, биз бардык мамлекеттик мекемелерди санариптештирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз” – деди К.Туманбаев.

Бүгүнкү күндө “Учкун” басмаканасында Намибия жана Гана өлкөлөрүнүн паспорту басылып чыгууда. Жакынкы аралыкта дагы 4 өлкө менен келишимге кол коюу күтүлүп жатат. Каныбек Туманбаев кайсы өлкөлөр экенин атаган жок, бирок, келишимге кол коюлган соң журналисттерге маалымат бериле турганын айтты.

«Санариптештирүү – бул жөн гана тренд эмес, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн стратегиялык зарылчылык. Санариптик технологияларга өтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатып гана тим болбостон, бюрократияны азайтып, жарандардын мамлекет менен өз ара байланышын жеңилдетет. Ар бир мамлекеттик мекеме заманбап санариптик талаптарга ылайыкташтырылышы маанилүү, ал эми биз болсо, бул үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек», — деди ал, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров: “Бүгүнкү күндө 65 программист иштеп жатат. Биз алардын санын 120-130га чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Мамлекет тарабынан алардын айлык маянасы жакшы коюлган. Андыктан бизде кадр тартыштыгы болбойт”,  – деди.

Султан Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар