Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде байкоочу камералар орнотулууда

Баткенде байкоочу камералар орнотулууда

Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларына 24 саат бою байкоо жүргүзгөн камералар орнотулууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабаралады.

Маалыматта айтылгандай, Раззаков шаарынын борбордук аянттарына, көчө кесилиштерине жана коомдук жайларына 36 видеобайкоо камералар орнотулган. Мындан тышкары демөөрчүлөр шаарга 3 камера сатып беришкен. Алар базардын аймагына ортонулган.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарына эл көп жүргөн жерлерге, бала бакчаларга, мектептерге, коомдук жайларга жалпы 21 камера ортонулган. Анын 10нун активдүү жарандар алып берген.

Байкоочу камералар коомдук тартипти сактоо жана коомдун коопсуздугун камсыздоо максатында коюлуп жаткандыгы айтылды. Облустук милиция ушул жылдын үч айында эле Кызыл-Кыяда байкоочу камералардын жардамы менен 15 кылмыштын бети ачылганын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар