Кыргызстанда 20-сентябрь – Ишкерлер күнү жана анын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышып, ишкерлерди куттуктады.
Ал акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, ички дүң продукт жыл сайын 9%дан төмөн эмес өсүп жатканын, 2025-жылы ай сайын 11,5% деңгээлге жеткенин айтты. Ошондой эле инфляция 14%дан 4,7%га чейин түшкөнүн белгиледи.
Курулуш тармагында 42%, өнөр жайда 10% өсүш бар. Быйыл 76 жаңы ишкана ачылып, жыл аягына чейин 134 объект ишке кирери күтүлүүдө. Учурда өлкөдө 460 миңден ашык чакан жана орто бизнес субъекттери бар.
Өкмөт ишкерлерди жеңилдетилген насыялар, “Кыргызстанда жасалган” бренди, экспортту өнүктүрүү, “Ардактуу ишкер” наамы сыяктуу демилгелер менен колдоону улантып жатат. Ошондой эле санарип, инновация жана креативдүү экономиканы өнүктүрүү багыттары белгиленди.
Иш-чаранын соңунда мыкты ишкерлер сыйлыктар менен ардакталды.

