Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктары22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш чаралары башталат

22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш чаралары башталат

Бириккен Улуттар Уюмунун юбилейлик 80-сессиясы 8-сентябрда Нью-Йорк шаарында башталган. 22-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш чаралары башталып, 30-сентябрга чейин уланат. Бир жагынан мааракелик, экинчи жагынан дүйнө калкы туш болгон проблемалардын татаалдыгы бул жолку сессиянын өзгөчөлүгүн шарттап турганы түшүнүктүү.

БУУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин деңгээлиндеги биринчи жыйын “Бирге иштөө: тынчтык, өнүгүү жана адам укуктары үчүн 80 жыл биргелешкен иш жана алга карай жол” девизи астында өтмөкчү. БУУнун тузүлгөндүгүнүн 80 жылдыгындагы чоң жыйында глобалдык уюмдун принциптеринин сакталышы, согуш деп аталбай жүрүп жаткан согуштарды токтотуу, адамзат өзү жараткан оор көйгөйлөр талкууланып, талылуу маселелер боюнча орток пикирге келүү аракети көрүлүшү керек. Дүйнөлүк тартипке доо кетип, эл аралык мыйзамдар, БУУнун Уставындагы айрым жоболор кай бир субъекттер тарабынан жетиштүү сакталбай турган чакта адамзат умтулган тынчтыкты көздөгөн дүйнөлүк уюмга мүчө мамлекеттер орток пикирге келүүсү кажет. Күн тартиби да ошол маселелерге арналганы көрүнүп турат.

Маселен, 22-сентябрда Палестина маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция өтөт. Франция менен Сауд Арабиясынын теңтөрагалыгы алдында өтө турган бул үлкөн конференцияда Израиль менен Палестина мамлекеттеринин жанаша жашоосуна багытталган чечимдерди аткаруу, эки мамлекеттин тынчтыкта жанаша жашоосун камсыздоо боюнча эл аралык жана өз ара милдеттенмелердин аткарылышы, айрыкча Газадагы бүгүнкү күндөгү гуманитардык кризис маселелери каралмакчы.

24-сентябрда Башкы катчынынын эгидасы алдында өтүүчү бийик деңгээлдеги конференцияда Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын аткарылышы талкууланат. Париж келишимин аткаруу боюнча улуттук милдеттенмелердин аткарылышы өтө актуалдуу проблема бойдон калууда.

25-сентябрда жасалма интеллектти инклюзивдүү башкаруу маселелерине арналган жогорку деңгээлдеги кеңешме өтөт.

Андан тышкары Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттары аталган глобалдык планды жүзөгө ашыруу боюнча кеңири талкуу болот.

Айтор, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик сессиясында дүйнөнүн алдында турган татаал маселелер алакан жайып отуруп калууну шарттоого тийиш эмес. Тескерисинче, БУУну жаңы бийиктикке чыгарууга, алдына коюлган жаңы миссияларды аткарууга чакырып туру.

Эл аралык укуктун, анын ичинде БУУ бардык системалары суверендүү мамлекеттердин келишимдери менен түзүлгөн. Мамлекеттер гана ушул келишимдерди иштеп чыккан легитимдүү саясий субъекттер. Мамлекеттер аралык мамилелер мамлекеттерге жараша. Суверендүү мамлекеттердин биримдиги болгон соң ошол мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу орток жоболордун тутумун түзүп алуусу абзел.

 

 

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар