Башкы беткеМаанилүүКыргызстандын олимпиадалык стипендия ала турган спортчулары аныкталды

Кыргызстандын олимпиадалык стипендия ала турган спортчулары аныкталды

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети (УОК) 2025–2028-жылдарга карата олимпиадалык стипендия ала турган спортчулардын ысымдарын жарыялады. Жалпысынан спорттун сегиз түрү боюнча 18 спортчу тандалып алынды. Алар 2025-жылдын сентябрынан тартып 2028-жылдын июлуна чейин ай сайын 500 доллар өлчөмүндө стипендия алышат.

Биринчи стипендия тапшыруу аземи Бишкек шаарындагы Улуттук Олимпиада комитетинин кеңсесинде болуп өттү. Уюмдун маалыматына караганда, бул программа спортчуларга машыгуусуна көбүрөөк көңүл буруп, чеберчилигин арттырууга жана Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан ийгилик көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

Стипендия алуучулардын катарына грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Калмира Билимбекова кирди. Ошондой эле бокс боюнча Ихтияр Нышонов, Мырзакир Кошалиев жана Зарина Асанова, сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, дзюдодон Эрлан Шеров менен Адина Көчкөнбаева, кайык менен сүзүүдөн Родион Туйгунов, ок атуудан Арууке Талантбекова, жаа атуудан Асел Шарбекова жана жеңил атлетика боюнча Айнуска Калил кызы да стипендияга ээ болушту.

Мындан тышкары, УОК буга чейин 10 спортчу Токио Олимпиадасына чейин, ал эми 15 спортчу Париж Олимпиадасына чейин стипендия алганын белгиледи.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар