BBC 1800дөн 2000ге чейин кызматкерди кыскартуу чечимин кабыл алды. Бул компаниянын жалпы кызматкерлеринин болжол менен 10%ын түзөт. Маалыматка ылайык, мындай чаралар кийинки эки жыл ичинде 500 млн фунт стерлинг (679 млн доллар) үнөмдөө зарылдыгына байланыштуу кабыл алынууда.
Убактылуу башкы директор Талфан Дэвис кызматкерлерге кайрылуусунда чыгымдар менен кирешелердин ортосундагы айырма өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, буга инфляция, дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу жана лицензиялык төлөмдөрдүн азайышы себеп болууда. Дэвис айрым телеканалдар же кызматтар жабылышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.
Азыркы учурда BBCде 21,5 миңдей туруктуу кызматкер эмгектенет. Уюмдун ишмердүүлүгү негизинен Улуу Британиянын тургундары төлөгөн телевизиялык лицензия аркылуу каржыланат. Бирок акыркы жылдары мындай төлөмдөрдүн саны азайып бара жатат.
Мындан тышкары, BBCнин дүйнөлүк кызматы өкмөттүк гранттар жана коммерциялык ишмердүүлүк аркылуу каржыланат. Компания учурда өкмөт менен лицензиялык төлөмдүн келечеги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул маселе 2027-жылы Королдук хартияны узартуу алдында каралат.
Белгилей кетсек, жаңы башкы директор болуп Мэтт Бриттин 18-майда расмий түрдө кызматка киришет. Ал буга чейин кызматтан кеткен Тим Дэвинин ордуна келет.
Ошондой эле BBC чыгымдарды кыскартуу максатында кызматкерлерди жалдоо, иш сапарлар, консалтинг жана ар кандай иш-чараларга катышуу боюнча көзөмөлдү күчөтөрүн билдирди.
