Башкы беткеРубрикаларАймактарБоомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

Боомдо таш түшүрүү иштери жүрөт

20-апрелден 24-апрелге чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүрөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, иш-чара күндүзгү саат 10:00дөн 16:00гө чейин созулуп, жол кыймылы жарым-жартылай чектелет. Тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт. Эгерде жолдо 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү токтотулуп, унааларга жол ачылат.

«Жарандардан сапарларын алдын ала пландап алууну суранабыз. Бул иштер темир жол жана унаа каттамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар