Башкы беткеРубрикаларАймактар10-майдан тарта облус жетекчилери элдин арыз-муңун жеринде угат

10-майдан тарта облус жетекчилери элдин арыз-муңун жеринде угат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 10-майдан тартып бир ай бою облус, район жана шаар жетекчилери эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн жеринде угуу милдетин койгонун билдирди.

Мамлекет башчысы бул тууралуу 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Анын белгилешинче, акыркы күндөрү Ош облусун кыдырып жүрүп, жарандардын көпчүлүк көйгөйлөрү жергиликтүү бийлик деңгээлинде чечиле турган маселелер экенине ынанган.

Президенттин тапшырмасына ылайык, 10-майдан кийин бир ай аралыгында бардык деңгээлдеги жетекчилер айыл өкмөттөрүнө барып, эл менен түз жолугушууларды өткөрүшөт. Ар бир жолугушуу кеминде үч саатка созулуп, жарандардын арыз-муңу угулуп, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошондой эле бул иш-чарага Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү да катышары белгиленди.

Президент жергиликтүү жетекчилерди элге жакын болуп, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө чакырды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар