whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
16.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСаламаттык сактоо министрлиги ВИЧ жуктурган бөбөктүн фактысын тастыктады

Саламаттык сактоо министрлиги ВИЧ жуктурган бөбөктүн фактысын тастыктады

Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктурган бөбөк тууралуу маалыматты тастыктады. Бул окуя коомчулукка 28-майда депутат Элдар Абакировдун билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, бөбөк 2020-жылы күйүк алып, дарылануу үчүн медициналык жардамга кайрылган. Андан бери ар кандай медициналык мекемелерге кайрылып жүрүп, 2024-жылы гана ВИЧ жуктурганы аныкталган.

Окуяны иликтөө үчүн 12 адистен турган атайын комиссия түзүлүп, баланын дарыланган мекемелери жана колдонулган медициналык каражаттар текшерилип чыкты. Бөбөк менен байланышта болгон 600гө жакын адам анализден өткөрүлүп, алардан ВИЧ табылган эмес.

Министрлик билдиргендей, баланын жанында 2020-жылы дарыланган дагы беш бөбөк COVID-19 пандемиясынын учурунда каза болуп калгандыктан, аларды кошумча текшерүү мүмкүн эмес болгон. Ошол эле учурда ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо бул балдар тууралуу маалыматтар катталбаганы белгиленди.

Комиссиянын алдын ала тыянагына ылайык, бөбөк ВИЧти ийне сайган маалда жуктуруп алышы ыктымал. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар