Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыНью-Йорктун мэри болуп 34 жаштагы Зохран Мамдани шайланды

Нью-Йорктун мэри болуп 34 жаштагы Зохран Мамдани шайланды

АКШдагы Нью-Йорк шаарынын мэри болуп 34 жаштагы демократ Зохран Мамдани шайланды. Ал шаар тарыхындагы акыркы 100 жылдан берки эң жаш мэр, ошондой эле алгачкы мусулман жана Африкадан чыккан жетекчи болуп калды.

Мамдани Угандада төрөлгөн, өзүн социалист катары таанытат. Ал шайлоодо мурдагы губернатор Эндрю Куомо менен республикачыл Кертис Сливаны жеңди.

Жаңы мэр жеңишинен кийин сүйлөп жатып:“Нью-Йорк — ар дайым иммигранттар курган, иммигранттар жашаган жана эми иммигрант жетектеген шаар болот,” — деди ал.

Ошондой эле Мамдани эл алдында:“Биз байлар үстөмдүк кылган саясий доорду артта калтырдык. Эми эмгекчил Нью-Йорк үчүн жаңы барак ачылды,” — деп белгиледи.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар