Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыИндиялык программист бир учурда 7 компания менен аралыктан иштеген

Индиялык программист бир учурда 7 компания менен аралыктан иштеген

24 жаштагы индиялык программист Сохам Парекх акыркы үч жылдан бери АКШдагы Кремний өрөөнүндөгү жети башка IT жана жасалма интеллект  компаниясында бир убакта толук жумушта иштеп келген. Ал бул жумуштарды алыстан – Индиядан туруп аткарганы үчүн, көпкө чейин аны эч ким байкабай калган. Ошентип, ал ошол компаниялардан бир эле учурда жети айлык маяна алып турган. Бул тууралуу BILD басылмасы жазды.

Бул окуя  бир жыл мурда билинген. Анда AI-стартап болгон Playground AI компаниясынын башчысы Сухайл Доши X социалдык тармагына: «Бир жигит бир эле учурда 3–4 стартапта иштеп жатат», – деп жазган. Ал кезде Доши бул жигит мындан да көп компанияларда иштеп жатканын билген эмес.

Менеджер билдиргендей, ал Парекхти бир жыл мурун анын алдамчылыгы билинип калганда жумуштан бошоткон. Бул жаңылык Кремний өрөөнүн дүрбөтүп жиберип, андан кийин башка стартап жетекчилери да Парекх тууралуу өздөрүнүн окуяларын бөлүшө башташкан.

Маалым болгондой, Парекх кээ бир компанияларда бир нече ай, айрымдарында болгону бир нече жума же күн гана иштеп кеткен. Бардык жабыркагандар айтышат: ал өзүн Мумбай менен Жоржияда компьютердик инженерияны окуганмын деп тааныштырган, маектерде өтө акылдуу, өзүнө тартып турган адамдай көрүнгөн жана жасалма интеллект (AI) жаатында чындап эле жөндөмдүү болгон.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар