Португалияда турак жай кризисине каршы нааразылык акциялары өттү

Португалиянын 16 шаарында активисттер турак жай кризисине каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар бийликтен турак жайдын жеткиликтүүлүгү маселесин чечүүнү талап кылышты.

Айрыкча Лиссабон шаарында жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, жүрүш Маркиз де Помбал аянтынан башталып, Либердаде проспектиси аркылуу өткөн. Ал эми Порту шаарында акция Баталья аянтында уюштурулган. Мындан тышкары Ковилья, Порталегре жана Фару шаарларында да нааразылык акциялары болду.

Катышуучулар ижара акысы айлык маянага салыштырмалуу кыйла ылдам өсүп жатканын белгилешти. Алардын айтымында, өкмөттүн көрүп жаткан чаралары тескерисинче турак жай баасынын кымбатташына алып келүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз