Башкы беткеРубрикаларАймактарЭки аймакта жер титиреди

Эки аймакта жер титиреди

Кыргызстанда бир суткада эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө Жалал-Абад облусунун аймагында 22-мартта саат 09:18де катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Тоскоол айылынан батышка карай 6 чакырым, Масы айылынан түштүк-чыгышка карай 14 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашып, Тоскоол айылында 3 балл, Майлуу-Суу жана Масыда 2,5 балл, ал эми Кочкор-Ата шаарында 2 балл сезилген.

Экинчи жер титирөө ошол эле күнү саат 11:30да Тажикстандын аймагында катталып, анын күчү 3,5 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Раззаков шаарынан түштүк-батышка карай 28 чакырым, Ак-Суу жана Коммуна айылдарыннан 18-20 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган айылдарда жер титирөө 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор катталган жок.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар