Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде коммуналдык техникалар жаңыртылды

Баткенде коммуналдык техникалар жаңыртылды

Баткен шаарында коммуналдык техникалар паркы жаңыланып, шаарга жалпы суммасы 12,7 млн сомду түзгөн үч даана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо эки булактан камсыздалган: 8 млн сом Баткен облусун өнүктүрүү фонду тарабынан, ал эми 4,7 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Шаарга асфальт тазалоочу машина, эвакуатор-манипулятор жана 10 тонна жүк көтөрө алган самосвал берилди. Асфальт тазалоочу техника көчөлөрдү механикалык тазалоого, чаңды басууга жана жолдорду сугарууга арналган. Эвакуатор бузулган унааларды ташууга жана жүктөө иштерин аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми самосвал курулуш материалдарын — кум, шагыл жана топуракты ташууда колдонулат.

Аталган техникаларды президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов тапшырды. Ал жаңы унаалар узак мөөнөт кызмат кылып, муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар