Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Алтынкен” компаниясы 7-апрель элдик революциясынын күнүн белгиледи

“Алтынкен” компаниясы 7-апрель элдик революциясынын күнүн белгиледи

Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде «Алтынкен» компаниясы 2010-жылдын 7-апрелинде болгон “Апрель элдик революциясынын”  урматына карата иш-чара өткөрдү.

Эскерүүдө, кыргыз мамлекетинде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөштө жана элдик бийликти орнотууда Апрель революциясынын катышуучуларынын эрдигин эске алып, компаниянын  2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон кызматкерлерин эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

«Алтынкен» компаниясынын  башкармалыгынын орун басары Азамат Алиев кызматкерлер менен жолугуп, компаниянын Башкармалыгынын атынан каржылык жардам көрсөттү. Мындан тышкары, 2010-жылдагы каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерүү үчүн азык-түлүк жана койлор берилди.

 

Компанияда 2010-жылдагы Апрель окуясына түздөн-түз тиешеси бар эки кызматкер бар. Анын бири лабораториянын кызматкери Динара Акматова. Ал денесинен жаракат алган. Ал эми  Гүлмира Абдылдаеванын күйөөсү каргашалуу окуя учурунда  каза болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азамат Алиев үй-бүлөлөргө күч-кубат, жаркын келечек каалап, мамлекетибизде тынч-тык, өсүп-өнүгүү, элибизде ынтымак болушун каалады.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,  «Кыргыз Туусу»

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар