whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.06.2025
21.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкадемик Жамин АКИМАЛИЕВ: «Өлкөбүз өнүгүүгө бет алды»

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: «Өлкөбүз өнүгүүгө бет алды»

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 22-июлунда кол койгон «Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыгы айыл чарба тармагын жакынкы эле жылдарда жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Анткен себеби, бул жарлыкта майдаланып кеткен натыйжасыз дыйкан чарбаларын ирилештирип кооперативдерди түзүү боюнча орчундуу чаралар каралган.

Көптөн күткөн жарлык

Бул максатта биринчи кезекте фермерлерди каражат тарабынан кызыктыруу зарыл. Ал үчүн дыйкандарыбызга жеңилдетилген, ал турмак үстөгү жок насыялар менен камсыз кылуу талапка ылайык. Мындан тышкары кооперативге өтөм деген дыйкандарды 5 жыл мөөнөткө салыктын бардык түрлөрүнөн бошотуп койсок аябай туура болмок. Ошондой эле жаңыдан уюштурулуп жаткан кооперативдерин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапаттуу уруктары жана асыл тукум мал менен, алдыңкы техника жана арзандатылган минералдык жер семирткичтери, күйүүчү май жана сугат суусу менен биринчи кезекте камсыз кылуу, ошондой эле бардык чарбаларда которуштуруп айдоону өндүрүшкө жайылтуу түшүмдүн эки эсеге жогорулашына жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төрт эсеге азайышына алып келет. Мына ушунун негизинде азык-түлүк коопсуздугун 3-4 жылда эле камсыз кылып коюуга болот. Сары-Өзөн Чүйдө дагы эле болсо мурдагы ири колхоздордун негизинде түзүлгөн жана мыкты иштеп жаткан кооперативдер бар. Алардын пайдасы элге тийип жатканын тана албайбыз. Бекеринен республикабыздын булуң-бурчтарынан карапайым калкыбыз ушул берекелүү Чүйгө көчүп келип жаткан жок. 90-каат жылдары кыйынчылыкка туш келген элибизди ушул Сары-Өзөн багып кетти. Муну айтып жаткан себебим, кооперативдерди уюштуруп жаткан дыйкандарыбызга Чүй облусунун тажрыйбасын кеңири жайылтышыбыз керек. Кыскасы, президенттин жаңы жарлыгына ылайык ата мекендик айыл чарбабызды илимий негизде гана жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Бул багытта биздин илимий-изилдөө институттарыбыз өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана төрт түлүк малыбыздын жаңы породасын чыгаруу, айтор, асыл тукум мал бакканга өтүү күн тартибинде туруусу зарыл. Азыркы учурда мамлекетибиз илимге көңүл буруп, окумуштуулардын айлык акысын 1,5-2 эсеге көбөйтүүдө. Ошону менен бирге материалдык базаны чыңдоого да каражат бөлүнмөкчү. Натыйжада биздин талааларыбызда жана мал чарбаларыбызда алдыңкы технологиялар гана пайдаланылышы керек.

Дагы бир маселе – бул айыл чарба адистерин сапаттуу жана жетиштүү даярдоо. Бул жагынан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин алдында орчундуу милдеттер турат. Азыркы учурда жер-жерлерде, айыл-кыштактарда окумуштуу агрономдор жана зоотехниктер, ветеринардык врачтар жана инженер-механик менен инженер-гидротехниктер жетишсиз болууда. Жогорку билими бар адистер айыл чарбасын алып барбаса, кантип ишибиз алдыга жылат? Демек, биздин агрардык университетибиз кадрларды даярдоону колго алып, тийиштүү адистер менен ар бир кооперативди камсыз кылууга умтулушу керек. «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураанды кайра көтөрүп чыгышыбыз зарыл.

Өткөн төрт жылда

«Мезгил – учкан куш» деп эл бекеринен айтпайт. Артыбызды кылчайып карасак, Садыр Жапаровдун президенттик такка отурганына төрт жыл болуп кетиптир. Бул мезгилде кандайча жыйынтыктарга жеттик деген суроо өзүнөн-өзү туулат. Айыл чарбасы боюнча аткарылып жаткан иштерге биз жогоруда токтолдук. Эми жалпы жонунан алсак, бул 4 жылды тарыхый учур деп айтсак жарашат. 2021-жылдын башында жаңы бийлик келер менен мурунку мамлекеттик башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүп, өлкөдө натыйжалуу бийликтин вертикалын түзгөнгө жетишти. Орчундуу реформалардан кийин жана биринчи кезекте Конституцияны өзгөртүүнүн аркасында өлкөдөгү иштердин абалы үчүн бардык жоопкерчилик президентке жүктөлдү. Эми президент жергиликтүү чиновниктерди жөн эле дайындап же көзөмөлдөп тим болбостон, ар бир жетекчинин ишмердүүлүгүн жеке талдап, зарыл болгон учурда тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Бул көп жылдардан бери калыптанып калган бюрократизмге, жетекчилердин жоопкерчиликсиздигине жана шалаакылыкка катуу сокку болду. Элдин тагдыры үчүн толук жоопкерчиликти президент өзү алып, өлкөнү башкаруу дагы бир колго өттү. Өкмөттүн жана президенттин бирдиктүү аппараты түзүлдү, бул штаттык санды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берди. Мунун баары мамлекеттик органдардын арасында темирдей тартипти камсыз кылып, аларга тапшырылган иш багыттары үчүн жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзүлдү. Эми 4 жылдан кийин биздин чакан республикабыздын шартында президенттик башкаруу системасы өзүн толук актады деп толук ишеним менен айта алабыз.

Ички дүң продукциянын көлөмү өсүп, 2024-жылы 1,5 триллион сомдон ашканы буга ынандырарлык далил боло алат. Мында жалпысынан республика боюнча экономиканын өсүшү 9 пайызды түздү. Бул чоң ийгиликти дүйнөлүк каржы уюмдары да тааныды. Эми биздин жалпы милдетибиз – 2025-жылы өндүрүштүн өсүшүнүн ушундай жогорку темпин бекемдөөдө турат.

Салыктын салымы

Салык чөйрөсүндөгү орун алган көрүнүштөрдүн мисалын терс көрсөткүч деп эсептешибиз керек. Албетте, мамлекет башчысы жер-жерлерден маалымат алып, бизнеске ашыкча басым жасалып, коррупция болуп жатканы тууралуу сигнал түшөөр замат кескин чараларды көрдү.

«Салык системасындагы терс көрүнүштөр бизди абдан капа кылды. Акциздик маркаларга байланыштуу алдамчылыктар белгилүү болду. Бул тармак Акылбек Жапаровдун карамагында болчу, ошого жараша мыйзамсыз аракеттерди токтотсо болмок. Кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин айынан мен аны кызматтан алууга аргасыз болдум», – деди Садыр Жапаров.

Андан кийинчерээк Садыр Жапаров “Салыктар эл үчүн ашыкча жүккө айланбашы керек” деп расмий түрдө билдирип, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын талдап, бул механизмди ири товарларга гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды. Президенттин мындай аракеттеринен кийин элдин ага болгон ишеними 85 пайызга чейин көтөрүлүп кетти. Ошентип, Садыр Жапаров өлкөдөгү болуп жаткан иштердин баарын көзөмөлдөп, өз убагында ар тараптуу жыйынтык чыгарып жатканына карапайым калк дагы бир жолу ынанды. Бул дагы президенттин элдин оюн угуп, элдин маанайына карап, ыкчам жооп берип жатканын айгинелейт.

Элдик курултайдын ролу

Башка чөйрөлөрдө дагы өкмөт жарандардын коомдук-саясий турмушка активдүү катышуусу үчүн шарттарды түздү. Мындан улам, жарандар көйгөйлөрдү аныктоого жардам берип, аларды чечүүнүн варианттарын сунуштай алаары айтылды. Ушуга байланыштуу президент менен элдин тикелей өз ара аракеттенүүсүнүн линиясы болуп калган Элдик курултайдын ролу барган сайын күчөп баратканын белгилесе болот.

Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында гана Кыргызстанда элдик бийликтин, демократиянын курултай сыяктуу маанилүү институту ишке кирди. Улуттук конгресс учурдагы маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, республиканын мындан аркы өнүгүшүнүн актуалдуу маселелерин да карайт. Бул формат – президент менен жөнөкөй элдин ортосундагы ачык сүйлөшүү, мындай формат дүйнөдө эч кимде жок. Бул жөн эле түз диалог гана болбостон, талкууланган темалар, делегаттардын демилгелери кылдаттык менен каралып, ошонун негизинде өкмөттүн негизги чечимдери иштелип чыгат.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун келечеги кең

Ал эми 2024-жылдын 27-декабры биз үчүн унутулгус күн болуп калды. Анткен себеби, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун башталышы жөнүндө жар салды. Болоттон жасалган бул жолдун мааниси өзгөчө. Бул темир жол эле эмес, бул Кыргызстанды жаркыраган келечекке алып баруучу жол. Узундугу 500 километр болгон бул улуу жолдун курулушу менен республикабыздын экономикасы, өзгөчө өнөр жай, транспорт, туризм, айыл чарба жана соода-сатык иштери болуп көрбөгөндөй өсүп өнүгөт. «Соода бар жерде өсүш бар» деп эл бекеринен айтпайт. Темир жолду бойлоп атайын станция-бекеттер, алардын инфраструктурасы, өндүрүштүк жана социалдык ишканалар курулат, жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Натыйжада калкыбыздын тиричилиги жакшырат.

Белгилей кетчү нерсе, мындай Эл аралык темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр мындан 30 жыл мурун эле башталган. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. 2022-жылы гана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул маанилүү темир жолду чогуу куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Сөзсүз мындай ири инженердик курулушту ишке ашыруу үчүн жок эле дегенде 5-6 миллиард доллар талап кылынат. Кашкар – Торугарт – Кош-Дөбө – Казарман – Жалал-Абад – Анжиян багытында курулуучу темир жол товарларды ташуунун бир жылдык көлөмүн 15 миллион тоннага чейин көбөйтө алышы өзгөчө белгиленди. Кыргызстан товарларды өзүнүн аймагында темир жол менен ташуунун эсебинен эле жыл сайын 200 миллион долларга чейин пайда табат.

Кубандырган Кумтөр

Легендарлуу парламенттин депутаты катары (1990-1994 жылдары) Кумтөрдүн көйгөйүнө токтолуп кетпесем болбойт. 1000 тонна алтыны бар бул комбинат көп мезгилде Кыргызстан үчүн эмес, Канададагы чет мамлекеттик олигархтардын кызыкчылыгына кызмат кылды. Садыр Жапаров мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп жүргөндө эле бул маселени көтөрүп, бирок, бийликтен колдоо тапкан эмес, атургай Кумтөргө күйгөндүгү үчүн камап да коюшту. Качан гана 2021-жылы президент болуп шайлангандан кийин бул чоң маселени колго алып, бир жылга жетпей Кумтөрдү мамлекеттин менчигине кайтарды. Бул унутулгус тарыхый окуя болду. Эгерде чет элдик инвесторлор комбинатты башкарып турган кезде республикабызга жыл сайын 100 миллион доллардын тегерегинде каражат түшүп турса, Кумтөрдү өзүбүз алгандан кийин 1 млрд. 174 млн. доллар таза киреше алууга жетиштик. Мындай зор ийгиликти биз кантип айтпай коё алабыз.

«Алыскы туугандан жакынкы кошуна жакшы» дегендей, Садыр Жапаров Мамлекет башчысы болгондон кийин өзүнүн тышкы саясатын Борбордук Азияда жайгашкан коңшу өлкөлөр менен бир туугандык мамилени орнотууга арнады. Алар: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан. Булардын ичинен территориясы боюнча эң чоң республика – Казакстан.

Коңшулар менен алака

2021-жылы Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Ал Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев менен туруктуу мамилени орнотту. Азыркы учурда эки бир тууган мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш жакшы жүрүүдө. Ошондой болсо дагы өз ара соода-сатыктын жалпы көлөмү 2 миллиард долларга жетпейт. Демек биз Казакстан менен болгон сооданы жакынкы жылдары 5 миллиард долларга чейин жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. С. Жапаров менен К. Токаев кол койгон союздук мамилелер жөнүндөгү келишим жакшы эле иштеп жатат. Бирок, биз келечекте Кыргызстан менен Казакстан тыгыз бириккен Союздук мамлекетти курууга умтулушубуз зарыл. Мындай учурда деле ар бирибиз мамлекеттик суверенитеттигибизди жана көз каранды эместигибизди сактап кала алабыз.

Өзбекстан бизге жакын жана ынтымагыбыз чың мамлекет болуп эсептелет. Берекелүү Фергана өрөөнүндө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары, ошондой эле Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарынын эли жанаша, ал турмак аралашып жашашат. Азыркы учурда Өзбекстандын калкы 40 миллионго жакындап калды жана алар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет.

Президент Садыр Жапаров айткандай, эгемендүү жылдарда биз ширенке фабрикасын дагы кура албасак, Өзбекстан самолётторду чыгарып жатат. Анын өнөр жайы дагы, айыл чарбасы да далай алдыга кеткен. Алардан көп нерселерди үйрөнсөк болот. Бирок Өзбекстан дагы Кыргызстанда болуп жаткан иштерге аябай кызыгат. Бул биринчи кезекте биздин сугат сууларыбыз жана экологиялык жагынан таза мал чарба азык-түлүгү, өзгөчө биздин эт продукциябыз. Мамилебиз оңолгонуна карабастан, 2024-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 846 миллион долларды гана түзгөн. Бул эми аябай эле аз көрсөткүч да. Биз аны жакынкы эки жылда эле 2-3 миллиард долларга жеткиришибиз мүмкүн. Өз ара сооданын көбөйүшүнө биздин айыл чарба тармагыбыз чоң салымын кошо алат. Мен эки эле продукцияга токтолоюнчу. Бул картошка жана сүт. Бекеринен картошканы экинчи нан деп аташпайт. Бул баалуу продукция-ны Кыргызстан жыл сайын 1,3 миллион тоннага чейин өндүрөт. Анын ичинен биз 650 миң тоннасына эле керектейбиз. Калган жарымын Өзбекстанга сатсак болот. Ушул кезде Өзбекстан картошканы аябай чоң көлөмдө Орусиядан, Беларустан жана Голландиядан сатып келишет. Алардын жакын коңшусу болгон биз картошканы тоолуу жана таза жерлерде, тактап айтканда Ысык-Көлдө, Кеминде жана Нарын облусунда өндүрөбүз. Сапаты абдан жогору, крахмалдын көлөмү көп. Эмнегедир ушундай сонун продукцияны толугу менен Өзбекстанга сата албайбыз. Туура, өткөн жылы Өзбекстандын чоң шаарларынын базарларында Кыргызстандын картошкасы сатыла баштады. Бул жакшы көрүнүш. Бирок аны дагы өрчүтүш керек. Өзбекстандын климаты өтө ысык келип, картошканы өстүрүүгө аябай ыңгайсыз. Биздики болсо салкын жерде өндүрүлгөн сапаттуу картошка. Өзбекстан болсо бизди эрте бышуучу жашылчалар, мөмө жемиштер жана балдай таттуу коон-дарбыз менен камсыз кылса болот.

Эми сүткө келели. Биздин республикада мал чарбасы, анын ичинен сүт өндүрүү канааттандырарлык деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бул багытта асыл тукум малдын дагы ролу бир топ. Жыл сайын орто эсеп менен 1,8 миллион тоннага чейин сүт өндүрөбүз же болбосо өзүбүздүн керектөөбүздөн 1,5 эсе көп чыгарабыз. Демек, 500 миң тоннага жакын сүт продукция-сын Өзбекстанга сатсак болот. Алардын сүткө болгон муктаждыгы бизге караганда бир кыйла көп. Кеп, ушул маанилүү ишти эки тарап тең туура түшүнүп максатка ылайык уюштурушса жакшы болот эле. Кийинки жылдары Кыргызстанда балык чарбасы өркүндөй баштады. Анын себеби бизде 40 миңге жакын тоодон аккан дарыя-сууларыбыз бар. Андан тышкары балыкка бай Ысык-Көл жана Соң-Көлүбүз бар. Балыктардын көпчүлүгү форель менен карп. Азыркы учурда балык өндүрүү 35 миң тоннага чейин жетти, ал эми алдыңкы 3 жылда бул көрсөткүч 100 миң тоннаны түзүшү мүмкүн. Жакында Ташкент шаарында өткөн эки тараптык сүйлөшүүлөрдө биздин балыкты өзбекстанга сатуу боюнча бир пикирге келгендик баарыбызды кубантат.

Дагы бир маселе – бул бал өндүрүү. Кыргызстандын жалпы территориясынын 94 пайызын тоолор түзөт. Мындай шартта дары-дармек өсүмдүктөрү көп жолугат жана алар сапаттуу бал өндүрүүгө ыңгайлуу. Учурда биз тоо балын Кытайга, Түркияга, Орусияга жана араб өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Коңшу Өзбекстан кааласа, биз аларга өзүбүздүн балыбызды сатууга даярбыз. Эми эт маселесине келсек, бул баалуу продукция өзүбүзгө дагы толук жетпей жатат. Буга байланыштуу биз малдын түрлөрүн ири чарбаларда бордоп семиртүүгө өтүүдөбүз. Азыркы учурда бир кара малдын бир суткадагы салмактуусу 750 граммды түзсө, бордоп бакканда ал 1 килограммга чейин көбөйөт. Ошентип келечекте сапаттуу эт продукциябызды Өзбекстанга дагы экспорт кылууга шарт түзүлөт.

Кыргызстандын дагы бир жакын коңшусу Тажикстан менен көп жылдардан бери чек ара маселеси чечилбей 2020-жылдардын башында салгылашканга чейин барганбыз. Жаш жигиттерибиз майып болуп, карапайым эл азап тарткан болчу. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бир нече жолу жолугушуп, чын дилинен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин талаш-тартыш маселелер чечиле баштады. Жакында эле президент Садыр Жапаров төмөнкүдөй билдирүү жасады: «Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы, андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өтөт. Ратификациядан өткөн соң эки президент кол коёбуз. Андан кийин нота алмашуу болот. Жогорудагы процедуралар бүткөн соң дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик».

Демек Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда достук мамиле түзүлүп, өз ара соода-сатыгыбыз өркүндөп, толгон-токой тиричилик маселелерибиз дагы эки бир тууган элдин пайдасына чечилет деген үмүттөбүз. Бара-бара чек арабыз дагы ачылат деген ойдобуз.

Борбордук Азиядагы дагы бир жакын коңшубуз Түркмөнстан менен болгон мамилебиз жакшы нукта баратат. Жакында эле президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүп, орчундуу маселелерди талкуулады. Тараптар кыргыз-түркмөн эки жактуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган регионалдык жана эл аралык маселелер тууралуу пикир алмашты. Экономикалык өз ара аракеттенүүнү, атап айтканда соода, энергетика, транспорт жана логистика тармактарында кызматташууну активдештирүүгө басым жасалды. Жыйынтыктап келгенде, азыркы учурда Кыргызстан коңшу төрт мамлекеттер менен ишеничтүү мамилени түзө алды. Бул деген алар менен ынтымакта болуп, келечекте чогуу өнүп-өскөнгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасы мындан тышкары дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, өзгөчө Орусия, КМШ, Кытай, ШОС, Түркия, Жапония, Корея, Монголия, Европа Биримдиги, Америка Кошмо Штаттары, Араб мамлекеттери жана башка өлкөлөр менен өз ара пайда келтирүүчү жана көз каранды эмес саясатты жүргүзүүдө.

Мындан улам айтаарым, 90 жаштын куттуу босогосунда турган чагымда, бүт өмүрүмдү арнаган айыл чарбасына акыры көңүл бурулганы, жалпы эле элибиздин ар тараптан өнүгүүгө бет алганы, президент Садыр Жапаровдун жолу ак жолтой болуп, өлкөбүз саздан суурулуп чыгып бара жатканына күбө болуу, көз карандысыз мамлекет катары алакандай Кыргызстаныбыздын отуз жылдан кийин болсо да, коңшулар менен чек арасын ынтымакта чечип алып, ишенимдүү алдыга кадам таштаганы мени кубандырбай койбойт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар