Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Максаты “Борбордук Азия – Кытай” форматынын Катчылыгы тууралуу жобонун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу экени көрсөтүлгөн.
Жобого ылайык, Катчылык “Борбордук Азия – Кытай” форматынын туруктуу иштей турган аткаруу органы катары түзүлөт жана анын ишин уюштурууда уюштуруу, маалымат-аналитикалык, юридикалык жана техникалык камсыздоону жүзөгө ашырат. Катчылык мамлекет башчыларынын Саммиттерин жана Форматтын катышуучуларынын тышкы иштер министрлеринин жолугушууларын даярдоого жана өткөрүүгө жооптуу болот.
Ошондой эле Форматтын катышуучу мамлекеттеринин тиешелүү мамлекеттик органдарына Форматтын алкагындагы ар кандай жолугушууларды жана иш-чараларды уюштурууга колдоо көрсөтөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

