Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосун дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү өтөт.

Бул шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн:

  • Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык шайлоону өткөрөт жана аралыктан добуш берүүнү камсыз кылат.

  • Министрлер Кабинети шайлоого акча бөлүп, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылат, шайлоочулардын тизмесин тактайт, онлайн идентификация системасын өркүндөтөт жана шайлоо процессинин коопсуздугун камсыз кылат.

  • Башкы прокуратура шайлоодо мыйзамдардын сакталуусуна көзөмөл жүргүзөт.

  • Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү бийлик органдары шайлоону өткөрүүдө техникалык жана уюштуруучулук жактан жардам берет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар