Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда аба ырайы кескин сууктап, үшүк жүрөт

Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктап, үшүк жүрөт

Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, 1–2-октябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу болуп, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө абанын температурасы күндүз +10…+15°, кечинде +2…+7° чейин төмөндөйт. 2-октябрда түнкүсүн 1–6° жылуу, күндүз 10–15° жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21° жылуу күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 1°…6° жылуу, күндүз 10°…15° жылуу болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн −4°…+1°, күндүз +3°…+8° жылуу; бийик тоолордо түнкүсүн −5°…−10°, күндүз −2°…+3° болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

2-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй жана Талас аймактарында абанын температурасы 0…−2°Сге чейин, Ысык-Көл жана Нарын дыйканчылык аймактарында −1…−3°Сге чейин төмөндөйт.

Адистер мындай аба ырайы транспорт, энергетика, байланыш жана мал чарбачылыгына тоскоолдук жаратышы ыктымалдыгын эскертишүүдө. Жарандарга катуу шамал жана үшүк тууралуу эскертүүлөрдү эске алып, алдын ала даярдык көрүү сунушталат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар