whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖайында өрттөн сак болуңуз!

Жайында өрттөн сак болуңуз!

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча ӨКБмү 2025-жылдын өткөн мезгилинде райондун аймагында 75 өрт кырсыгы катталып, 82,3 миллион сомдон ашык социалдык-экономикалык чыгымдар келтирилгенин билдирет.

Жайкы өрт коопсуздугуна  жана сууга түшүү мезгилине байланыштуу Свердлов району боюнча ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан көлмөлөрдө, ачык суу сактагычтарда, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн бассейндерге түшүү боюнча эрежелери профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, суу объектилерине жакын жердеги жарандардын эс алуучу жайларында өрт коопсуздугун сактоо боюнча нускамалар жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу борбор калаанын тургундарын жана конокторун эс алуу жайларында, өзгөчө суу каналдарынын көлмөлөрдүн жанында этият болуп, жашы жете электердин, чоңдордун жана балдардын сууга чөгүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн балдарды кароосуз калтырбоону суранабыз.

Эс алуу жайларында таштандыларды күйгүзбөңүз, өчпөгөн тамекилерди ыргытпаңыз, отту өчүрүңүз — эс алуу жайларындагы жердин топурагын өчпөгөн отко  чачыңыз. Өрт коопсуздук эржелерин элементардык түрдө сактоо бизди курчап турган чөйрөнү өрттөн сактап кала алат!

Өрт чыкканда 101, 112 телефон номерлерине дароо чалууну эскертебиз.

Свердлов району боюнча ӨКБнүн ӨӨ жана ААБнүн улук офицери:
капитан Мураталы уулу Р.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар