whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту

Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту

24-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолукту.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин калыптандырууда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгилөөгө болорун билдирди.

“Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайт. Биздин мамлекеттерибиз бекем достуктун, чын ыкластуу жакшы коңшулаштыктын жана жемиштүү кызматташтыктын мамилелерин курушту. Биздин эки тараптуу кызматташуубуз кеңири чөйрөнү камтыйт. Негизги биргелешкен долбоор болуп ишке ашырыла баштаган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат”, — деди Адылбек Касымалиев.

Кытайтын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян өз кезегинде Адылбек Касымалиевге “Жайкы Давос” Дүйнөлүк экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал Кытайдын Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи. Мамлекеттик кеңештин премьери Кытай Эл Республикасы Кыргызстанды жакын кошуна, ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн элдеринин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди биргелешип илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери тарабынан мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде 2025-жылдын 17-июнунда Астанада өткөн “Борбор Азия-Кытай” саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү кирди.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдү камтыган кеңири чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев менен Ли Цян Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар