Башкы беткеМаанилүүАлтындын баасы тарыхый рекорд койду

Алтындын баасы тарыхый рекорд койду

Алтындын баасы бир унциясына 3722 доллардан ашып, жаңы тарыхый максимумду жаратты. ТААС агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү Comex биржасында баалуу металлдын баасы 3722,4 долларга жеткен.

Эксперттер муну АКШ долларынын алсызданышы жана мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшү менен түшүндүрүшүүдө. Ошондой эле инвесторлор АКШнын Федералдык резервдик системасынын жакын арада пайыздык ченди төмөндөтүшүн күтүп жатышат.

Алтындын баасы былтыр 27%га өссө, быйылкы жылдын башынан бери дээрлик 35%га кымбаттады. Бул өсүшкө дүйнөлүк борбордук банктардын алтын сатып алуусу, акча-кредиттик саясаттын жумшаруусу жана геосаясий белгисиздиктер да себеп болду.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар