15–20-сентябрь күндөрү Ош шаарында XIII Республикалык театр фестивалы өтөт. Бул ири маданий иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз ССРнин эл артисти Сулайман Андабековдун 100 жылдыгына арналат.
Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 театр катышып, өзүнүн мыкты спектаклдерин тартуулайт.
Ачылыш аземи 16-сентябрда саат 11:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдындагы аянтта өтөт, ал эми жабылыш аземи 20-сентябрда саат 18:00дө ошол эле жерде уюштурулат.
Программанын алкагында Ч. Айтматовдун чыгармаларына негизделген “Кыямат”, “Свидание с сыном”, “Бетме бет”, “Биринчи мугалим” сыяктуу спектаклдер жана кыргыз классикасынан “Эр Төштүк”, “Каргыш”, “Эне”, “Барсбек” сыяктуу пьесалар көрсөтүлөт.
Фестиваль күн сайын Ош улуттук драма театрында жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында өтөт.

