whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.01.2026
-9.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукЫсык-Көлдө офтальмологдордун эл аралык конгресси өтүүдө

Ысык-Көлдө офтальмологдордун эл аралык конгресси өтүүдө

27-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой — офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдык мааракесине карата офтальмологдордун эл аралык конгресси башталды. Иш-чарага борбордун башкы директору Асизбек Эшмамбетов, Кыргызстандын алдыңкы көз дарыгерлери жана Түркия, Россия, Казакстан, Корея сыяктуу өлкөлөрдөн келген адистер катышууда.

Конгресстин негизги максаты — офтальмология тармагындагы акыркы илимий жана практикалык жетишкендиктерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана жаңы ыкмаларды жайылтуу болуп саналат. Иш-чарада заманбап диагностика, көз ооруларын алдын алуу, хирургиялык дарылоо ыкмаларын өркүндөтүү сыяктуу темаларга өзгөчө көңүл бурулууда.

Конгресстин алкагында эл аралык жана жергиликтүү офтальмологдор докладдар менен чыгып, заманбап офтальмологиялык жабдуулар көрсөтүлүүдө. Бул форум адистерге тармактагы акыркы жаңылыктар менен таанышууга, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөрү күтүлүүдө.

Гезит

Эмгек, аракет – ийгиликтин ачкычы

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат эмеспи. Ар иштин көзүн таба билген Нурсултан Муратов бут кийим тигүүгө мындан он жыл мурун кызыгып калат. Азыр келечекте...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар