whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомОрусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-29-июнь күндөрү Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Эки өлкөнүн тышкы саясат жетекчилери Кыргызстан менен Орусиянын алакасы тууралуу сүйлөшүү өткөрөрү кабарланды.

Сергей Лавров президент Садыр Жапаровдун да кабыл алуусунда болорун Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандык жарандардын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Эске салсак, быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар