27-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Дордой — офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун 30 жылдык мааракесине карата офтальмологдордун эл аралык конгресси өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандан алдыңкы көз дарыгерлери жана Түркия, Россия, Казакстан, Корея — жалпы 24 өлкөдөн келген белгилүү офтальмологдор катышууда.
“Дордой — офтальмик сервис” көз микрохирургия борборунун башкы директору, конгресстин уюштуруучусу Асизбек Эшмамбетов БУУнун билдирүүсүндө, ХХП кылымда дүйнө боюнча жашы 60тан ашкан адамдардын саны эки эсеге көбөйөрүн, бул медицинанын алдына келечекте ден соолугу чың, көздөрү ар кандай ооруларга чалдыкпаган коомду түзүү боюнча зор милдеттерди жаратарын билдирди.
«Байыртадан бери көчмөн кыргыздар үчүн дагы адамдын көзү бул дүйнөдө эч нерсеге теңдешсиз, жашоого эң керектүү орган болгондуктан, ал аябай жогору бааланып, “ат башындай алтынга алмашкыс кичинекей көз болот” деп айтылып калган. Ошону менен бирге, бул жашоодо эң кымбат болгон ишенимдеги нерсенин баары көз менен салыштырылып, алардын эң баалуусун, эң керектүүсүн ата-бабаларыбыз “көздүн карегиндей сакта” деп керез катары айтып келген.
Ушуну эске алганда, дүйнө элдеринин көз оорулар боюнча илимпоз-окумуштууларын жана практиктерин чогулткан биздин эл аралык илимий-практикалык Конгресстин ролу эбегейсиз. Конференциябыздын аягында аларды анализдеп, жыйынтыктап, чара көрүү максатында аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга, медициналык жана коомдук уюмдарга жиберели», — деген сунушун айтты А.Эшмамбетов.
Мындан тышкары, акыркы 20 жылдын ичинде такай өткөрүлүп, салтка айланып калган офтальмологдордун кезектеги эл аралык иш-чарасына келип бергендери үчүн конокторго ыраазычылык билдирип, эмне үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулуп келе жатканына токтолду.
«Ысык-Көлгө эле чогула бербей, конгрессти Кыргызстандын башка кооз жерлеринде деле өткөрсөңөр туура болмок» деген да сунуштар айтылды. Бул вариантты да карап көрдүк. Бирок тереңирээк карай келгенде, биздин эл аралык жыйындарды Ысык-Көлдө өткөрүүнүн эки олуттуу себеби бар болуп чыкты.
Биринчиси, 15 республикадан турган Советтер Союзунун тарашы менен бул өлкөлөрдүн ортосунда мурдагы карым-катнаштар токтоп, актуалдуу маселелерди чогуу карап, талкуулап жүргөн жыйындар өткөрүлбөй калган. Ушундай оор шартта дүйнөгө белгилүү улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов демилге көтөрүп, биздин Ысык-Көлдө адабият жана маданият маселелери боюнча залкар инсандарды чогултуп, дүйнөлүк масштабдагы форум өткөргөндөн кийин Ысык-Көлүбүз бүт дүйнөгө таанылган.
Экинчиси, советтик космонавттардын бири космос тууралуу интервью берип жатып, «Космостон караганда Кыргызстандын Ысык-Көлү планетабыздын көзүнө окшоп турат экен» дегени менин эсимде калыптыр. Ошондуктан биз врач-офтальмологдор, болгон күч-аракетибизди адамдын көзүн сактоого жумшап келе жаткан шартта, ушул асыл аракеттерибизге планетабыздын көзүндөй болгон ыйык Ысык-Көлүбүздүн касиети демибизге дем кошуп, ишибиздин ийгиликтүү болушуна себепкер болот деген ишенич менен чогулуп келүүдөбүз», — деди А. Эшмамбетов.