whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАйбек Жунушалиев район акимдерине эскертүү берди

Айбек Жунушалиев район акимдерине эскертүү берди

Бишкек мэриясында жыйын өтүп, анда Айбек Жунушалиев район акимдерине эскертүү берди.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, буга чейин Ленин, Биринчи май, Свердлов жана Октябрь райондук администрацияларынын ишин текшерүү үчүн атайын кыдыруу уюштурулган.

Берилген маалыматтын жыйынтыгы боюнча шаар башчысы жүктөлгөн милдеттердин өз убагында аткарылбай жаткандыгы үчүн акимдерге эскертүү берди.

Ошондой эле, мэр акимдердин жана кызмат жетекчилеринин иштин сапаттуу аткарылышына жана аймактардагы мыйзам бузууларды ыкчам жоюуга өзгөчө көңүл буруу керек экендигин баса белгиледи.

Аппарат жетекчисине акимдин орун басарларынын функционалдык милдеттерин талдоо жана милдеттерди рационалдуу бөлүштүрүүнү карап чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле курулушту тескеген тиешелүү кызматтарга иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырылды.

“Акимдерге бардык курулуш объекттерин, жолдорду оңдоону, ирригациялык тармактарды тазалоону, аймактарды көрктөндүрүүнү, объекттерди жарыктандырууну өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле өздөрүнүн жанаша жаткан аймактарды дагы тийиштүү абалга келтирүү боюнча чарба субъекттер менен иш алып баруу ж. б. милдеттери коюлду. Мындан тышкары төрт райондун башчылары үчүн рейтинг системасын иштеп чыгуу тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар