whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТөрага Санкт-Петербургда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

Төрага Санкт-Петербургда Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы «Мекен – эне» монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Маалыматка ылайык, төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.

Белгилей кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар