Азамат Кадыралиев Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Азали Ассумани менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоону өтүндү. Өз кезегинде Комор аралдарынын президенти Кыргызстандын талапкерлигин колдоого даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эл аралык уюмдардын алкагында биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Индия океанынын аралдарынын XII оюндарына өз ара чакыруулар менен алмашты.
