Казакстандын белгилүү акыны жана коомдук ишмери Мухтар Шаханов 83 жашында дүйнө салды. Кайгылуу кабарды өлкөнүн Маданият министрлиги таратты. Маалыматка караганда, акын акыркы жылдары ооруп жүргөн.
Мухтар Шаханов 1942-жылы Түштүк Казакстан облусунда төрөлгөн. Эмгек жолун аймактык гезиттерде кабарчы болуп баштап, кийин казак адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанылган.
1989-жылы СССРдин парламентине депутат болуп шайланып, 1986-жылдагы Желтоксан окуяларына саясий баа берүү маселесин алгачкылардан болуп көтөргөн. Казакстан эгемендик алгандан кийин да өлкөдөгү коомдук көйгөйлөрдү ачык айтып келген.
1993–2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген. Ал кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жакын достук жана чыгармачылык байланышта болуп, биргелешип “Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу жыйнакты чыгарган.
Мухтар Шаханов Кыргызстанда “Кыргыз эл акыны” наамы жана “Данакер” ордени менен сыйланган.