Башкы беткеМаанилүүКыргызстанда тартылган "Аска" кыска метраждуу документалдык тасмасы сыйлыкка татыды

Кыргызстанда тартылган «Аска» кыска метраждуу документалдык тасмасы сыйлыкка татыды

Кыргызстандык режиссер Алтынай Адамалиеванын кыска метраждуу документалдык тасмасы «Аска» Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) «Осирис» сыйлыгын утуп алды. Сыйлык Словакияда «Агрофильм-2025» эл аралык кинофестивалында тапшырылды.

Фильмдин башкы каарманы — Замира, тоолуу аймактагы кыргыз фермер айымы. Ал шаардагы жашоодон баш тартып, 3,5 миң метр бийиктиктеги жайлоодо топоз багып, техника оңдоп, айыл чарбадагы аялдардын ордун жана күчүн чагылдырат.

«Аска» тасмасы айыл чарбадагы аялдардын ролун жана алардын коомдогу маанисин баса белгилейт. «Агрофильм» кинофестивалы жыл сайын Словакияда өтүп, айыл турмушу менен айыл чарбадагы жетишкендиктерге арналат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар