Бишкек шаарында жер мунапысы жөнүндө мыйзамдын алкагында дагы 973 үйдүн жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, 573 турак үй көрүстөндөргө жакын курулгандыктан, санитардык-коргоо зонасы 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылып, алардын маселеси чечилген. Ошондой эле, темир жолдун коргоо зонасындагы 100дөн ашык жана “Үмүт” конушундагы саркынды суулардын коргоо зонасында жайгашкан 300 үйдүн мыйзамдаштыруу иши аяктады.
Мындан тышкары, кызыл сызыктан чыгып калган 1418 турак жай боюнча да иштер жүрүүдө. Бул маселелер мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегия жыйынында каралды.
Курулуш кортундуларын алуу жана менчик укуктарын каттоо шаардын эски чектеринде — 1-ноябрга чейин, ал эми жаңы чектеринде — 31-декабрга чейин аякташы күтүлүүдө.
Эске салсак, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейин документи жок, бирок үй салынып калган жерлерди мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген.
2025-жылдын июнундагы маалымат боюнча, өлкө боюнча 170 миңден ашуун арыз берилсе, анын 56% мыйзамдаштырылган. Бишкекте 30 миңге жакын арыз түшүп, анын ичинен 6466 үйгө паспорт, 3606 жер тилкесине “Кызыл китеп” берилген.

