Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул менен жолугушууда санкция боюнча маселе көтөрдү.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия+Германия тышкы иштер министрлеринин кеңешмесине катышты. 2026-жылдын 11-февралында Берлин шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Федералдык тышкы иштер министри доктор Йоханн Вадефул менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашып, Бириккен Улуттар Уюму, ЕККУ жана Европа Бирлиги баштаган ар түрдүү эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.
Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери сый-урматка, тең укуктуулукка жана өз ара пайдалуулукка негизделген кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө эки өлкөнүн ачык экендигин жана даярдыгын тастыкташты. Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү камтыган актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.
Жээнбек Кулубаев Европа өлкөлөрүн конструктивдүү жана тең салмактуу мамиле жасоого чакырып, мындай чектөөлөр Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын билдирип, европалык институттар менен ачык диалог жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады.

