Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетти

0
17629

Нурланбек Тургунбек уулу бул чечимин парламенттин 12-февралдагы жыйынында борбордук трибунада билдирди. Ал Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу комментарий берип, эч ким басым кылбагынын, өз эрки менен кызматтан кеткенин айтты.

“Мени эки же бир адамга байлаган туура эмес. Кудайга шүгүр 2022-жылы 5-октябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына төрага болуп шайлангам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин аракетимди парламенттин кадыр-баркын арттырууга, кыргыз элине, келечегине маанилүү мыйзамдарды, маанилүү чечимдерди кабыл алууга салымымды коштум. Кыргызстанда туруктуулук, башкысы саясий туруктуулуктун негизинде өсүп-өнүгүүлөр болуп атат. Буга Садыр Нургожоевич баштаган команданын, ошондой эле кыргыз парламентинин салымы чоң”, — деди ал.

Нурланбек Тургунбек уулу былтыр парламенттик шайлоодо № 15 округдан депутат болуп шайланып келип, 2025-жылдын 17-декабрында Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз