Башкы беткеСпорт жана туризмТуризмЭдуард Кубатов Туризм агенттигинин башчысы болду

Эдуард Кубатов Туризм агенттигинин башчысы болду

Кыргызстанда белгилүү альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Ал Кыргызстандагы таанымал альпинист, ишкер жана коомдук ишмер катары белгилүү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын альпинизм федерациясынын президенти болуп саналат жана дүйнөдөгү күчтүү альпинисттердин катарына кирет. Кубатов Эверест чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп эсептелет.

Мындан тышкары, ал дүйнөдөгү эң бийик жана татаал чокулардын бири болгон К2ни кошкондо бир катар чокуларга чыккан. Спорттук карьерасына чейин ал улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, запастагы подполковник наамына ээ.

Ошондой эле ал бизнес тармагында иштеп, эл аралык компаниялардын директорлор кеңешинде мүчө болгон. Мындан сырткары, Кыргызстандагы Индонезиянын ардактуу консулу болуп да иш алып барган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар