whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан күйүүчү майды жеткирүүчү башка булактарды  карап жатат

Кыргызстан күйүүчү майды жеткирүүчү башка булактарды  карап жатат

Кыргызстандын бийлиги күйүүчү майды жеткирүүчү башка булактарды карап жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагында буга чейин эле Орусиядан гана эмес, башка мамлекеттерден да күйүүчү майды бажы төлөмдөрүнөн бошотуу чечими кабыл алынган. Ошондуктан, мисалы, Азербайжандан сатып алуу мүмкүнчүлүгү экономикалык шарттарга жана логистикага жараша каралат.

«Биз баанын деңгээлин кармап турууга жана рынокто тартыштыкка жол бербөөгө бардык чараларды көрөбүз», — деди Амангелдиев.

Учурда Кыргызстан жыл сайын Орусиядан 1,2 млн тонна күйүүчү майды бажысыз квота аркылуу алып келет. Бирок акыркы жума ичинде Орусиянын өзүндө ГСМ тартыштыгы байкалууда, бул экспорт көлөмүнүн кыскаруусуна алып келди.

Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө күйүүчү майдын запасы болжол менен октябрь айынын аягына чейин жетет. Баанын өсүшү 15% га чейин болушу мүмкүн.

Экономика министрлиги абалды турукташтыруу үчүн бир катар чараларды сунуштады:

  • убактылуу салыктарды, анын ичинде акцизди, КНСти жана жол фондуна чогултулуучу төлөмдөрдү азайтуу;

  • нефтетрейдерлерге жаңы баа боюнча күйүүчү май сатып алуу үчүн кредит берүү.

Министрликтин эсеби боюнча, Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1,4 млн тонна мунай продуктуларына муктаж.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар