Башкы беткеМаанилүүТышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциялары боюнча билдирүү жасады

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциялары боюнча билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет.

Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоодо жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Европа Биримдиги Борбордук Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү куруу жана анын ичинде биздин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү ниетин ырааттуу түрдө билдирип келет. Бул контекстте кыргыз тарап да Европа Биримдиги жана анын мүчө-мамлекеттери менен тең укуктуу, өз ара урматтоо жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Мындай мамиле бир жактуу санкциялардан айырмаланып, өз ара пайдалуу максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасы фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана тастыкталган маалыматтарга негизделгендигин тастыктоо үчүн Европа Биримдигини көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат.

Кыргыз тарап үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди биргелешип баалоо боюнча Кыргызстан — Европа Биримдиги адистештирилген биргелешкен техникалык жумушчу топ түзүүнү сунуштайт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар