Дүйшөмбү күнү эртең менен ХАМАСтын куралчан тобу Израилге акыркы тирүү барымтадагыларды өткөрүп бере баштады. Ал ортодо Израиль тарап 1 900гө жакын палестиналык туткунду бошотууга даярданып жатат.
Бул кадам Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин алкагында ишке ашууда. Алгачкы этапта жети израилдик барымтадагы адам Эл аралык Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Жалпысынан, келишим боюнча Газа секторунда калган акыркы 20 израилдик барымтадагы адам эркиндикке чыгат. Алардын ордуна Израиль түрмөлөрүнөн 1 900дөн ашуун палестиналык туткун бошотулат.
Израилде бул жаңылык чоң кубаныч менен кабыл алынды. Барымтадагылардын үй-бүлөлөрү жана жакындары алардын кайтарылышын көз жаш менен тосуп алышты. Тель-Авивде миңдеген адамдар катышкан митинг өтүп, шаарлардын аянттарында алардын кайтып келүүсүн түз көрсөтүүдө чоң экрандар коюлду.
Барымтадагылардын кайтып келиши — 2023-жылдын октябрында башталган согуштун эң оор барактарынын бирин жапкан символдук учур болуп калды. Ошондон бери Израильде адамдар сары түстөгү тасмалар менен белгини тагынып, алардын эркиндикке чыгышын талап кылып ар жумада акцияларга чыгышкан.

