Жогорку Кеңештин “Ала-Тоо” депутаттык тобу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму”ААКсында көчмө жыйын өткөрүп, мекеменин ишмердүүлүгү менен жеринде кенен таанышты.
Иш-чарада депутаттар уюмдун автопаркы, 24 саат иштеген авариялык комиссарлардын кызматы жана калкка кызмат көрсөтүп жаткан мобилдик офистердин иши менен таанышышты.
Тааныштыруунун алкагында “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК Төрагасы Элдияр Калдарбеков депутаттарга кеңири маалымат берип, мобилдик офистер өлкөнүн бардык аймактарында иштеп жатканын белгиледи. Аталган кызматтар аркылуу дыйканчылык жана башка иштер менен алек болгон жарандарга жеринде барып кызмат көрсөтүлүп, айыл-аймактарды кыдыруу аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жатканын айтты.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар уюмдун жалпы иши боюнча маалымат угуп, суроолоруна жооп алышты. Депутаттык топтун төрагасы Таалайбек Масабиров камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам демилгелерин колдоого даяр экенин айтты.
Ошондой эле жыйын учурунда жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар боюнча камсыздандыруу маселеси талкууланды. Учурда сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, камсыздандыруу окуясынын босогосун 6 баллдан 5 баллга түшүрүү каралууда.
Жыйынтыгында депутаттар “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын ишин жогору баалап, тармакты өнүктүрүүгө парламент тараптан колдоо көрсөтүлөрүн белгилешти.