Бишкек Ата Мекен коргоочуларын өзгөчө куттуктады

0
1947

Кечээ Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган майрамдык концерт өттү. Иш-чара диджейлердин музыкасы, көркөм бийлер жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын үйлөмө оркестринин аткаруулары менен ачылып, көрүүчүлөргө патриоттук маанай тартуулады. Концертке Стас Михайлов, Zivert, Филипп Киркоров, Николай Басков, Слава, Tasso жана кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары — Мирбек Атабеков, Омар, Гулзада Рыскулова, Жылдыз Осмоналиева, Аксай катышты.

Көрүүчүлөр арасында байге ойнотуу да уюштурулуп, 10 CHANGAN автоунаасы, 10 iPhone 17 Pro жана 10 iPad тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бардыгын майрам менен куттуктап, аскер кызматкерлерине, ардагерлерге жана өлкөнүн тынчтыгын камсыз кылган жарандарга ыраазычылык билдирди. Кеченин соңунда финалдык номерлер аткарылып, майрамдык фейерверктер атылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз