Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан менен Нигериянын саясий диалог түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Нигериянын саясий диалог түзүү маселеси талкууланды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нигерия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин туруктуу катчысы Дунома Ахмед Умар менен жолукту.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 21-июнда Стамбул шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий диалогду түзүү, бекемдөө, соода-экономикалык, гуманитардык байланыштарды түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана ИКУ эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыктарын ырастап, бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар